Барскоон айыл аймагынын Жайыт комитетинин милдеттери жана ишмердүүлүгү

                                                                          Барскоон айылынын Жайыт комитетинин ишмердүүлүгү жана милдеттери жөнүндө маек өткөрүлдү. Маектин жүрүшүндө Жайыт комитетинин башкы эсепчиси Каптагаева Алмаш Эсентуровна жана комитеттин мүчөсү Алыбаев Аваз Доктурбекович конокко келди.  

Түз эфир учурунда башкы эсепчи жана комитеттин мүчөсү жайыт комитеттин милдеттери, комитеттин иштери жана жайыт пайдалануучулар менен кантип иш алып бара тургандыктарына токтоло кетишти. Мындан тышкары, жайыт комитетинде кандай көйгөйлөр бар экендиги, комитеттен жылына канча каражат чогултулат, чогултулган каражат кайсыл тармактарга жумшала тургандыгын да сөз сыртында калтырган жок. Маегибиздин жүрүшүндө элдерденден чогултулган сурамжылоо, жайыт комитети жөнүндө кыскача маалымат жана  Жайыттарды жакшыртууда жайыт комитети эмнелерге көӊүл бурса боло тургандыгы жөнүндө эксперттин оюу да угузулду.

Эскерте кетсек, бул уктуруу «Демократия сааты» долбоорунун алкагында даярдалган жана Кыргызстандагы Фридрих Эберт Фондунун тарабынан каржыланууда.

Даярдаган: Эрлан Абласов