Барскоон айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлеринин ишмердүүлүгү

Бүгүн «Демократия сааты» долбоорунун алкагында Барскоон айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлеринин ишмердүүлүгү жөнүндө түз эфир өткөрүлдү. Эфирдин жүрүшүндө айыл аймагынын киреше боюнча адиси Муканбет уулу Бекболот жана статистика боюнча жетектөөчү адис Турсунова Асель Усеиновна конок болошту.

Алар маегибизде салык жөнүндө кыскача түшүнүк берип өтүштү. Мындан тышкары айыл аймактын статистикалык маалыматтарына, салыктын түрлөрүнө, киреше булактары туралуу, жылдык план боюнча канча каражат чогултулаарын да айтып өтүштү.

Түз алып баруу учурунда элдерден алынган сурамжылоо, кыскача маалыматтар да угузулду. Кошумчалай кетчүү нерсе киреше боюнча адис декларация деген эмне, анын кандай пайдасы бар, эмне үчүн тапшыруу керектиги туралуу кенен маалымат берип өттү.

Эскерте кетсек, бул уктуруу «Демократия сааты» долбоорунун алкагында даярдалган жана Кыргызстандагы Фридрих Эберт Фондунун тарабынан каржыланууда.

Даярдаган: Эрлан Абласов