Сүлүктүдөгү Кызыл-Булак шахтасына Германиялык профессор келди

293

Сүлүктү шаарындагы «Кызыл-Булак» көмүр өндүрүүчү компаниясына Германиялык Доктор Макс Георг Майер келди.

«Максатыбыз Кыргызстандагы эң алдыңкы иш тажрыйбаны көрүү, тажрыйба алмашуу. Мага бул компания жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясында Ханнс Зайдель фондунун каржылоосу менен окуп магистр даражасын алган, бүгүнкү күндө Сүлүктүнүн ар кайсыл тармагында үзүрлүү эмгектенип жаткан магистранттарыбыз билдирген болчу. Ишкананын жетекчиси Карабаев Исманали Джумабаевич табийгый шык жөндөмү, эмгекчилдиги менен заманбап менеджер болууга жетишкендигин угуп, Кыргызстан жана Тажикстандык магистранттарды коштоп алып келдим. Чындыгында өтө көп тажрыйба алууга жетиштик»- дейт Доктор Майер.

«Менеджмент боюнча Башкаруу Академиясында алган теориялык билимибизди практикада айкалыштырганыбыз пайдалуу болду. Жолугушуу учурунда Исманали Карабаев көмүр өндүрүү технологиялары боюнча жана көмүр өндүрүү ишмердүүлүгүн уюштуруу боюнча бир топ тажрыйбасынан бөлүштү. Чындыгында ак жүрөк инсан экен»- деп магистранттардын Баткен облустук координатору Алмазбек Рахманов маалымдады. «Өзүм Исфана шаарында жашап, иштегеним менен мен да шахтердун баласымын. Жолугушуу учурунда көмүр кенине кирип, кенчилердин иштеп жатканын көрүп, менин атам да мени ушунчалык кыйын шартта иштеп, ак эмгек менен багып чоңойткон экен деп шахтерлорго болгон урматым артты. Өзгөчө шахта жетекчиси Исманали Карабаевге ыраазы болдум. Шахтерлорго бардык шартты жаратып бериптир, 50% ишканын эсебинен төлөнүүчү ашкана, жуунуучу орун, кала берсе намазканага чейин куруп бериптир. Элибизде ушундай жетекчилер көп болсо экен деп тилеймин»- деп Исфанадагы микрокредиттик компаниялардын биринде бөлүм башчы болуп эмгектенип жаткан Икрамжан Марасилов маек берди.  «Баткен шаарында жашап жатып Сүлүктүлүктөр көмүрүн кымбат сатат деп жаңылыш ойлойт экенбиз, көрсө көмүр өндүрүү иши өтө түйшүктүү экен. Бүгүнкү жолугуу учурунда жер астына түшүп, шахтерлордун иштеп жатканына күбө болгонумдан кийин көмүрдү эмне үчүн кара алтын дегенине түшүндүм»- дейт магистрант Таалай Шамшиев.          Кабарчы:      Айзада ЭРКИНОВА