Мектепте «Күз берекеси» майрамы өттү

Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучулары «Күз берекеси» аттуу майрам уюштурушту. Майрам 8-9-10-11-класстардын жана мугалимдердин катышуусу менен өттү.  Анда  окуучулар  ырдап, бийлеп, оюн ойношуп, көңүлдүү тамашаларды коюшуп таланттарын көрсөтүштү. Ар кандай жашылча , мөмө-жемиштерден салаттарды жасашып, тамак-аш,мөмө-жемиштерге толгон дасторкон жайылды. Оюн уюштурушуп, утушка ээ болгондорго кызыктуу белектер берилди.

«Бүгүнкү биздин күз майрамда бардык окуучуларыбыздын өнөрлөрүн көрдүк. Күз айларынын эң бир жакшы жери адамдардын ажарын ачат. Бардык окуучулар жакшынакай кийинип, таланттарын көрсөтүштү. Мындан ары да көптөгөн майрамдар өтүп турсун. Окуучуларга баарына окууларына ийгилик, бекем ден соолук, бар болгула»-дейт мектептин тарбия завучу Кубатбекова Жыпар.

Даярдаган: Муктарова Аймырза