Сүлүктүдөгү гимназияга Ханнс Зайдель Фондунун Борбордук Азиядагы координатору келди

110

Сүлүктү шаарындагы №9-мектеп гимназиясына Ханнс Зайдель фондунун Борбордук Азиядагы координатору доктор Макс Георг Майер жана Тажик Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу Институнун өкүлдөрү баш болгон 30 ашуун делегация келди. «Келгенибиздин максаты Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясынын магистранттарынын ичинен Ханнс Зайдель фонду тарабынан стипендианты болгондорунун ийгиликтери менен таанышуу жана алдыңкы тажрыйба алмашуу. Бул гимназияда биздин фонддун стипендианты Сапаркулов Бакытбек Эркинович үзүрлүү эмгектенип жатат. Социалдык менеджмент багытында алган теориялык билимин практикада колдонуп көп ийгиликтерге жетиптир. Мисалы гимназиянын чыгаан окуучуларынан команда курап, Эл аралык олимпиадага катышуу менен окуучуларынын ичинен гран-при жана 1- орунду ээлеген. Жолугушуу соңунда стипендиант Б. Сапаркулов тарабынан гимназияга жаңы имарат куруу боюнча долбоордук сунуш түштү. Сунушту карап чыгып бир жуманын ичинде жообун беремин»- дейт Макс Георг Майер.            Кабарчы:      Айзада ЭРКИНОВА