Тогуз-Тородо элеттик айымдардын күнү белгиленди

83

15-октябрь “Эл аралык элеттик айымдардын күнүнө” карата                      Тогуз-Торо районунда райондук деңгээлдеги айыл өкмөттөр аралык “Элеттик айым 2018” аттуу сынагы болуп өттү.

Сынакка 5 айыл өкмөттөн багбан, ишкер айымдар катышышты. Сары-Булуң айыл аймагынан “Арууке” айымдар тобу барып катышты. Жободогу берилген тапшырмаларды так аткаруу менен жакшы көрсөткүчтү көрсөтүштү. Элеттин айымдарынын ишмердүүлүгү жөнүндөгү көргөзмөгө айылдын багбан айымы, баатыр эне Кара-Суу айылынын тургуну Турдукожоева Сабилет катышып, бакчадагы жашылчалардан консервация жана кыямдын түрлөрү боюнча көргөзмөгө катышты.

Айылдык аялдар Кеңешинин төрайымы Эпеева Венера, “Ийгилик” кооперативинин жетекчиси Курманалиева Тамара, “Седеп” балдар бакчасынын жетекчиси Солтоева Рахаттар айылдагы коомдук иштерге активдүү катышкандыгы, айылдын экономикалык-социалдык абалын көтөрүүгө кошкон салымдары үчүн  “Ала-Тоо” айымы төш белгиси менен сыйланышты.

Жыйынтыгында, Турдукожоева Сабилет райондун Ардак грамотасы менен, “Арууке” айымдар тобу 3-даражадагы диплом жана 1000 (миң) сом акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Бул тууралуу Сары-Булуң айыл аймагынын социалдык кызматкери Бурулсун Эрмекова билдирди.

Даярдаган: Азем Маратова