Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин облустук көчмө жыйыны болду

70

Бүгүн Сүлүктү шаарындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборунда саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен облустук бирикмесинин көчмө жыйыны өттү.

Жыйынга Өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Саттарова Чынара Осмоновна баш болуп, облус боюнча бардык райондук, шаардык жана облустук ооруканалардын кесиптик кошунунун башчылары, ардактуу мүчөлөрү катышты.  Жыйын жүрүшүндө өзгөчө жаш адистерге шарт түзүү боюнча маселелер талкууланды. Жыйын соңунда саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин кесиптик кошунунун ишмердүүлүгүнө салымын кошуп келген инсандарга ардак грамоталар, баалуу белектер тапшырылды. «Мен өзүм саламаттыкты сактоо тармагында эмгектенбеймин, бирок мени да кадырлуу конок катары чакырыптыр. Колдон келишинче Сүлүктү шаардык ооруканасына демөөрчүлүк көрсөтүп жүрөм, андан сырткары Сүлүктү шаарынын Кольцо айылына заманбап үлгүдөгү Фельдшер акушердик пунктту жаңыдан куруп берген элем. Кыскасы, саламаттыкты сактоо тармагына жасап келген жардамдарым үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Саттарова Чынара Осмоновна ыраазычык кат тапшырды»- деп маалымат берди Сүлүктүдөгү «Кызыл-Булак» шахтасынын директору, Ардактуу шахтер- Карабаев Исманали Джумабаевич. Бардык бүгүнкү сыйлык алгандарды куттуктайбыз.

Кабарчы: Айзада ЭРКИНОВА