Мектепте күз майрамы болуп өттү

Жайыл районунун Кара- Суу айылынын дыйкандары акыркы түшүмдөрүн жыйнап жаткан чак. Азыр жүгөрү жана кызылчаны жыйнап алып жаткан маал. Аба ырайы дагы түшүмдү жыйнап алууну бир аз токтотту. Айылга жамгыр жана кар жаап талаа жумуштары токтоп турат. Ал эми мектепте мугалимдер менен окуучулар окуу жана тарбия пландарынын үстүндө иштеп жатышат.Кара-Суу айылынын орто мектебинде «Алтын күз» майрамы болуп өттү. Бул майрамды окуучулар абдан жакшы өткөрүштү. 5-11-класстардын ортосунда ар кандай конкурстар өтүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Балдар ар кандай интермедияларды жана күз жөнүндө ырларды аткарышып, бийлерди бийлешип, конкурс уюштурушту. Мектепте жайгашкан «Ак кептер» жамааттык медиаборборунун ыктыярчылары майрамдын өтүшүнө чоң жардам беришти. Ар бир класс бир жемишти тандап алып, ошол жемиштен даярдалган тамактарды жасашып, конкурс өткөрүштү. Жюринин чечими менен 11-класстын окуучулары биринчи орунду алышып, «Алтын күз» майрамы аяктады.
Даярдаган: Азаркулова Элина