Куланак айылынын кызыктуу тарыхы

Нарын районуна караштуу Куланак айылынын тарыхы тууралуу уламыштар көп айтылып келет. Алардын бир нечесине токтолобуз.

Куланак айылы эзелтен эл жашап келе жаткан аймак. Айыл түшүмгө мол, суусу кенен, абасы таза болуп эсептелинет.

Дал ушул айылдын тарыхы жөнүндө көп уламыштар бар. Алардын бирин айыл тургуну Мухамбет Ниязаков баяндап бермекчи.

«Мен Куланак айылынын тургуну болом. Менин атам Таштанбек санжыра айтчу. Атамдын калтырып кеткен санжыра китептерин окуп, Куланак айылы жөнүндө иликтеп келем. Атамдын китептери жана айтуусу боюнча Куланак суусунун үстүндө ак куландар жашачу. 1935-жылы орус саякатчысы жана геологу Тянь-Шань өрөөнүн изилдеген жана Куланак азыркыдай айыл эмес жыш токой деп айткан.

Ат-Башы суусунун жээги түнт токой болгон. 1860-жылдары менин оюм боюнча Куланакка чечей уруусу көчүп келген.

Алар Куланакка көчүп келгенде чоң таман уруусунан 15 түтүн жашап турган. Андан соң айылга кытай уруусу келген «Кытай-чечей бир тууган» деген кеп ошондон калса керек»-деди каарманыбыз өз сөзүндө.

«Чынында эле каарманыбыз айткандай айылда ак куландар жердегенби»- деген суроону биз мектепте тарых сабагынан мугалим болуп эмгектенген  Нурдинов Таалайбекке узатканда төмөндөгүдөй жооп алдык: 

«Менин мектепте тарых сабагынан мугалим болуп иштегенине 29 жыл болду. Андан сырткары Куланак айылынын Кесиптик лицейинде 12 жыл эмгектендим.

Биз жашаган Куланак өрөөнү илгертен эле калк жашаган аймак болуп келген. Куланак  деген аталыш керек болсо Саякбай Каралаев, Сагынбай Орозбаковдун манас-дастандарында да кездешет.

Куланак деген аталыштын эки варианты бар. Биздин жергиликтүү элдин айтуусу боюнча Куланак өрөөнү ээн талаа болгон, тоолордун бети карагай-кайың болгон, мына ошол убакта бул өрөөндү жапайы ак куландар жердеген. Мына ошондо элдер ак куландар жердегендиктен «Куланак» деп атап алышкан.

Ал эми Бартольд деген тарыхчынын эмгегинде «куланак» -бул » эски жер» дегенди түшүндүрөт деген билдирүүлөр бар. Биринчи кыштак 1805-07 жылдары Россия падышачылыгы казак-орустарды көчүрүп келген. Адегенде көчүп келгендердин саны 7-8 түтүн болгон. 1916-жылы казак-орус түтүндөрүнөн жыйырмадай түтүн жашаган. Андан соң Октябрь Революциясы болгондон кийин кыргыздар өз жерин казак-орустардан кайтарып алган да Куланак кыргыз айылы түптөлгөн.

 

 

 

Кийинчирээк 1950-жылдардын башы 60- жылдардын аягы Куланак району азыркы Нарын районунун бир катар айылдарынын, Ак- Талаа районунун бир катар айылдары Куланак районуна караган. Андан кийин Куланак району жоюлуп Нарын районуна карап калган.

Ал эми «Манас» эпосунда кездешкен жерлер: Манас Кытайга жортуулга бара жатып Талас ашып, Суусамыр басып, Молдонун белин ашып, биздин суук капчыгай Куланак өрөөнү аркылуу Кытайга кеткен. Куланак өрөөнүнүн түштүгүндөгү биз Кара- Тоо, Ат-Башынын эли Кошой -Тоо деп айткан жерди Кошой баатыр жердеген»- деп билдирди Таалайбек Нурдинов.

Даярдаган: Гүлшат Бейшекова, Жамал Уланбек кызы

«Мыкты макала» сынагы үчүн