11-класстын окуучулары үчүн дилбаян сынагы жарыяланды

Кыргыз Эл жазуучусу, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Ш.Бейшеналиевдин 90 жылдык мааракесине карата «Ак-Талаа биримдиги» коомдук бирикмеси, Кыргыз Республикасынын Билим беруү жана илим министрлиги менен биргеликте окуучулар арасында, жазуучунун балдарга арналган чыгармаларынын негизинде «Дил баян» жазуу боюнча республикалык сынак жарыялайт. 

Сынактын жалпы байге фонду 100 000 сом. Андан сырткары кызыктыруучу сыйлыктар жана дипломдор тапшырылат.

Кыргыз Эл жазуучусу Ш.Бейшеналиев

«Ак-Талаа биримдиги» коомдук бирикмеси

Шүкүрбек Бейшеналиевдин 90 жылдыгына арналган “Балдар адабиятынын алпы Ш.Бейшеналиевге 90 жыл” темасында дил баян жазуунун республикалык сынагы 2018-жылдын 1-октябрынан 19-октярына чейин өткөрүлөт. Сынакка Кыргыз Республикасындагы орто мектептерде билим алып жаткан 11-класстын окуучулары катыша алышат. Сынакка катышуу үчүн туулгандыгы тууралуу кубөлүк же паспорт, 11-класста окуп жаткандыгы тууралуу мектеп администрациясынан справка керектелет. Дилбаян кыргыз тилинде кабыл алынат. Дилбаян электрондук жана кол жазма түрүндө кабыл алынат. Көлөмү – 3 беттен 5 бетке чейин А4 форматтагы 12 шрифтте, интервалы 1 менен басылууга тийиш. Дилбаян 3 бөлүктөн болушу керек: кириш сөз, чыгармаларын баяндоо жана корутунду. Анда автор өзү жазган текст гана болушу шарт. Шилтемелер алынган маалымат булагына таянуу менен белгилениши керек. Тике келтирилген цитаталар дилбаяндын көлөмүнүн 10% нан ашпоого тийиш. Сынактын шартына ылайык, сынакка жөнөтүлгөн бардык дилбаяндар уюштуруу комитети тарабынан текшерилет. Текшерүүдөн өткөн дилбаяндар калыстар тобунун мүчөлөрүнө жашыруун, б.а . катышуучунун аты-жөнү көрсөтүлбөй, сыр сөз жазылган түрдө жөнөтүлөт. Дилбаянды баалоо критерийлерлери: теманы толук ачып берүү, негизги ойду ачык, толук баяндап берүү, баяндоо стили (көркөм), жазуу сабаттуулугу.

Республикалык сынакка катышуучу дилбаянынын (аты-жөнү, байланыш телефону, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү, мектепке 11-класста окуп жаткандыгы  тууралуу справка) shbeishenaliev90@mail.ru электрондук почтасына же Бишкек шаары Чүй көчөсү 114 дарегине 19-октябрга чейин жиберүү керек. Сынактын жеңүүчүлөрү , калыстар тобу тарабынан аныкталат. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 25-октябрда Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Шүкүрбек Бейшеналиевдин 90 жылдык мааракесинин урматына уюштурулган иш-чарада тапшырылат.

Сүрөттөр интернеттен алынды

Даярдаган:  Аймырза Муктарова