Балдарды кылмыштуулуктан арылтуу максатында спорттук мелдештерге басым жасалууда

Ак-Талаа районунун Баетов айылынындагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 13-октябрда «Кыргыз тилин даңктаймын» аттуу темада уюштурулган 8-9-10-11-класстар аралык балдар жана кыздар арасында волейбол оюну болуп өттү. 

Оюнду дене тарбия мугалими Гүлжаз Капарбекова жана мектеп парламенти биргеликте уюштуруп, оюнга бардык класстар катышышты.

Балдар командасынан 9 команда, кыздар командасынан 7 команда болуп, кызыктуу оюн көрсөтүштү. Балдар арасындагы оюнда 3-орунду 10-класстын окуучулары, 2-орунду 9-в классынын жана 1-орунду 11-класстын окуучулары багындырса, кыздар арасындагы оюнда 3-орунду 9-б класстын, 2-орунду 11-а класстын жана 1-орунду 9-в класстын окуучулары жеңип алышты. Утушка ээ болгон командалар баалуу сыйлыктар менен жана грамота менен сыйланышты. Дене тарбия мугалими Гүлжаз Капарбекова: «Бул иш чараны уюштурганыбыздын максаттарынын бири балдарды кылмыштуулуктан арылтуу, баңгизаттан жана башка зыяндуу заттардан алыс кылуу, убакытты тура пайдаланууга үйрөтүү жана ден-соолугун чындоо. Бардык окуучулар катышып, жакшы оюн көрсөтүштү,» -дейт.

Даярдаган: Аймырза Муктарова