Сүлүктүдөгү гимназиянын мугалимдери сыйлык алышты

163

Бүгүн Сүлүктүдөгү №9-гимназиянын жалпы чогулушунда, 2018-2019 окуу жылынын башталышына карата гимназиянын бир топ мугалимдери Ардак Грамота жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышкандыгы маалым болду. «Кыргыз тили жана адабияты мугалими Шералиева Дилара Маккамбаевна Билим берүүнүн отличниги төш белгиси менен, Акыл эмгегинин маданияты предмети боюнча мугалим Сапаркулов Бакытбек Эркинович, билим берүү уюмдарынын кесиптик кошунунун отличниги төш белгиси жана Сүлүктү шаарына-150 жыл юбилейлик медалы менен сыйланды»- деп маалымат берди, гимназиянын кесиптик кошунунун төрайымы Рахат Орозова.  «Директорубуз Рустамова Базаргүл Саттаровна, тарых мугалими Карабаева Гульнара Джумабаевналар шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан баалуу белектер менен сыйланды»- деп сыймыктануу менен директордун тарбия иштери боюнча орун басары Бермет Абдурахманова маалымат берди.

Кабарчы:        Айзада ЭРКИНОВА