Мугалимдер каанасына Тиркешов Полотбек ысымы ыйгарылды

Ооган- Талаа айылынын Сатыбалды Далбаев атындагы орто мектебинде 48 жылдан бери эмгектенип келе жаткан Тиркешов Полотбек агайдын ысымы мугалимдер канасына берилди.

ПолотбекТиркешов ыр жазат. Мектептин гимнинин автору, Ооган-Талаа айылым, Ооган-Талаа мектебим, Сатыбалды Далбаевге арноо жана көптөгөн ырлардын автору.

-Полот агай кабинетти жасалгалоодо ким демөөрчү болду?

Мен биринчиден мени сыйлап, урматтап ысымымды ушул каанага берген эмгек жамаатыма, ошондой эле мектеп директорубуз Омурзакова Давлетке ыраазычылык билдирип кетейин. Кабинетти жасалгалоо уулдарымдын демөөрчулүгү менен болду.

-Жалпы жасалгалоого канча акча каражаты кетти?

Жалпы занавеска, жасалгалоо баннерлерине он миң сом акча жумшалды. Кабинеттеги  жасалгалар атайын мугалимдер үчүн колдонмолор менен толукталды. Дептерлер үчүн шкаф алынды.

Мугалимдер каанасын жасалгалоого жардам берген Абитова Арапат, Камбарали кызы Гулназдарга чоң рахматымды айтып, ак батамды берем»-деп өз сөзүн аяктады Тиркешов Полотбек.

Даярдаган: Тажибеков Марлес, Мелисбек уулу Тимур

Мыкты макала сынагы үчүн