Темиров Апыш атындагы география кабинети жаңыланды

Ооган- Талаа айылынын Сатыбалды Далбаев атындагы №17 мектеп гимназиясынын география кабинети кайрадан ремонттон өтүп, жаңыланды.

Мектептеги география кабинетине көп жыл иштеп Кыргыз ССРнин Элге Билим Берүүнүн отличниги  Темиров Абдыкар(Апыш) агайдын ысымы берилген. Мектеп жаңыдан бүткөндө жасалгаланган кабинет, кайрадан жаңы, заманбап ремонттон өттү. Жасалгалоо иштери уулу Темиров Нурканбектин демөөрчүлүгү менен жасалды.

Жасалгалоону атайын Бишкек шаарынан жасатып келип, классты Ооган-Талаа айылы түшүрүлгөн туш кагаз менен жармаштыртып, кооздолду.

Кабинет башчысы Токтогулова Алтынай:» Кабинет жасалгалангандан кийин жарык, кооз, таза болуп калды. Классыбыз менен биргеликте, ата-энелердин демөөрчүлүгү менен телевизор, терезеге пардалар алынды. Негизинен кайниме чоң ыраазычылык билдиребиз.»

Мектептин уюштуруучу завучу Камбарали кызы Гулназ: -«Мен да кабинеттин жаңыланганын көрүп аябай ыраазы болдум. Окуучулар таза, кооз, заманбап класста билим алып жатышат. Класстын эшиги да жаңыланган. Мен Темиров Нурканбек агайга ишине ийгилик, дайыма жаш муундар үчүн талыкпаган эмгегин арнап жүрө берүүсүн каалаймын. Ушундай демөөрчүлөр көп болсо демекмин»

Даярдаган: Тажибеков Марлес, Мелисбек уулу Тимурлан