Окуучулар күз жарманкесин өткөрүштү

Сатыбалды Далбаев атындагы №17 мектеп гимназиясында күз жарменкеси болуп өттү. Жарменкеге 5-класстын окуучулары катышып, аларды мектептин эмгек мугалими Токтогулова Алтынай жетектеди.

Алтынай Токтогулованын айтымында: «Жарманкени уюштурууда мен 5-классты тандап алдым, себеби өтүлүүчү сабагыбыздын темасы ушундай болчу. Жарманкеге окуучулар кызыгуу менен катышып, айылда өскөн жер- жемиштен тартып, мөмө- жемишке чейин алып келип көрсөтүштү.»

«Бизде  жарманкени укканда эле аябай кызыгуу пайда болду. Анан мен үйүмө барып бизде бакчада өскөн пияз, картошка, алма, кайналыны алып келип жарменкеге койдум,»- деп билдирди 5-класстын окуучу Садыкова Рушана.

Анаркулова Роза: «Мен бакчамда өскөн картошканы жарманкеге алып келдим. Картошканын баасын дүкөндөрдөн карап койдум.»

5-классынын окуучусу Самиранын айтымында: «Жарменке аябай кызыктуу болду. Эмдиги жылы да сөзсүз катышам,» деди.

Даярдаган: Тажибеков Марлес, Мелисбек уулу Тимур