Сатыбалды Далбаев атындагы №17 мектеп гимназиясында ата-энелер чогулушу болуп өттү. Чогулушта мектептеги жетишкендиктер жөнүндө баяндаманы мектеп директору Давлет Омурзакова берди.
Окуу бөлүмүнүн башчысы Токтобаев Мараттын айтымында: » Мектептеги 2017-2018-окуу жылындагы олимпиададан биринчиликти алган окуучуларыбыз, ЖРТда эң жакшы балл алгандар, окуучулардын саны, класс комплектиси боюнча маалымат бердим.»
Класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусу Камбарали кызы Гулназ «Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын- алуу» деген темада доклад окуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Жыйналыштын соңунда окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа коюлуп берилди.
Даярдаган: Тажибеков Марлес, Мелисбек уулу Тимур