Кароосуз калган парк жаңыланды

Базар-Коргон районундагы каралбай калган парк жаңыланды.«Базар-Коргон районунун так ортосунда жайгашкан парк 1990-жылдардан кийин кароосуз калган эле. Райондун 100 жылдыгына карата паркты оңдоп, жаңы темир тосмолор менен парктын айланасы тосулду»,-деп билдирди аким Бегимкулов Айбек Карыбекович.

Райондун жашоочусунун айтымында:  «Паркты калыбына келтирип, темир тосмолор менен тосулганы, отургучтары оңдолгондугу чоң иш. Себеби, парк райондун көркүн чыгаруучу, эс алуучу жай болуш керек,» — деп билдирди Салима Султанова.

Паркты оңдоо иштерин жүргүзүүдө Базар-Коргон районунун 100 жылдык маарекесине карата өткөрүлгөн марафондон түшкөн акча жумшалгандыгын райондун акими айтып өттү.

Даярдаган: ТажибековМарлес, Мелисбек уулу Тимур

Мыкты макала сынагы үчүн