Окуучулар үчүн бий кабинети ачылды

Ооган- Талаа айылынын Сатыбалды Далбаев атындагы №17 мектеп гимназиясында бий кабинети ачылды. 

Бий кабинетти Камбарали Кошалиевдин ысымына коюлуп, толук ремонттун анын үй-булөсү жасап берди. Кызы Камбарали кызы Гулназдын айтымында: «Мен көптөн бери мектепте бий кабинетин ачууну ойлоп жүргөм, бирок классты толук ремонттон өткөрүп, бий кабинетине ылайыктоо чыгымын эч ким көтөргөн жок. Мектеп директорубуз Давлет Омурзакова бул кабинетти атамдын атына коюп ремонттоп, бий кабинетин ачууну сунуштады. Ошентип, кабинетти апам Рысбаева Айгул, сиңдим Кошалиева Алфиранын жардамы менен ачтык. Мен жалпы мектеп жамаатына жана директор Давлет Омурзаковага ыраазычылык билдирем»-деп билдирди.

 

Мектеп директору Давлет Омурзакова: «Мектепте бий кабинетин ачуу бул жакшы жетишкендиктердин бири. Бийге кызыккан окуучулар, бий ийримине катышып ушул жерде өтүшөт, райондук жана облустук деңгээлдеги сынактардан байгелүү орундарды алат деп ишенем.»

Даярдаган: Тажибеков Марлес, Мелисбек уулу Тимур