Тасмада айыл тургуну «Календула бархаты» гүлүн өстүрүүдө

Түп районуна караштуу Тасма айылынын тургуну Эркинбек Дюшебаев бакчасынын көбүнө Календула Бархаты гүлүн эккен. Учурда гүлдөп бакчасы өзгөчө түскө бөлөнүп турган кези.

-Саламатсызбы бакчаңызда өсүп турган гүл кандай аталат?
-Бул гүл даары чөптөргө кирет. Аты Календула Бархаты. Бул гүлдүн эки түрү бар.  Бири кыска келет, бул чоң болуп өсөт.
-Кандай дарылык касиетке ээ?
-Дарылык касиети ички органдагы ар кандай ооруларын тазалап чыгат. Ашказанга жакшы жана стресстен арылтат.
-Бул гүлдөрдү кандай жолдор менен тересиз?
-Гүл өзү абдан чоң болуп жетилгенде коробкага терип, күнгө көрсөтпөй кургатканда өзү уругу түшөт.

-Гүлдү ким тарабынан септиңиз?
-Атайын Ысык-Көл органикалык кооперативине берилген. Облус боюнча 3 жерге айдалды Жети-Өгүзгө, Ак-Сууга жана бизде. Быйыл биринчи жылкы себишим.

Гүлдүн дагы бир касиети картошка,чесноктун жээгине сепсе курттар акырындык менен качат экен. Огородду да тазаласа болот экен.
Маегиңизге рахмат!
Даярдаган: Нуржанат Советбек кызы

Мыкты макала сынагы үчүн