Тогуз-Тородо мугалимдер күнү белгиленди

174

Тогуз-Торо районунакараштуу Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин жыйындар залында мугалимдер күнүнө карата Эмилбек Касымалиев жана Бирдик жалпы билим берүүчү орто мектебинин жаш мугалимдеринин уюштуруусунда концерттик программа тартууланды.

Бул туралуу №9 Эмилбек Касымалиев атындагы орто мектебинин директору Алтынбек Чокморов билдирди: “ Мугалимдер күнүнө карата Эмилбек Касымалиев жана Бирдик жалпы билим берүүчү орто мектебинин жаш мугалимдеринин арасында КВН өткөрүлдү.

Таймаштын жүрүшүндө саламдашуу, бий, интермедия билим берүү тарбиясындагы көйгөйдү алып чыгышты.

Эмилбек Касымалиев атындагы орто мектебинин мугалимдери: Гүлкайыр Маметова, Анаркүл Кыпчакбаеваларга айыл өкмөттүн жана райондук администрациясы тарабынан грамоталар тапшырылды. Сары-Булуң айыл аймагынын бюджетинин эсебинен 2000 (эки миң)сом акча каралды.

Мындан сырткары, Тогуз-Торо администрация башчысы аким Айбек Кожошов мугалимдерди куттуктап, материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүп сыйлык жана Раймамадминистрациянын Ардак грамотасын тапшырды. Районубуздун тургуну да Урмат Токтожумаев мугалимдерге өз демөөрчүлүгүн көрсөттү”-деди.

Даярдаган:   Анаркүл Кыпчакбаева