Райондук ардагер спортчулар футбол ойноду

133

Тогуз-Торо районунун ардагер жана мекеме жетекчилери Беш-Көл командасынын уюшулгандыгынын 30 жылдыгына карата футбол оюну өткөрүлдү.

Раймамадминистрация башчысынын биринчи орун басары Улан Иманбердиев, Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Улан Көчөрбаевдер мыкты оюн көрсөткөн райондун ардагер оюнчуларына жана мекеме жетекчилерине ардак грамота жана акчалай сыйлык тапшырышты.

Мекеме жетекчилеринин курамынан турган команда 1-орун 5000 сом, 2-орун Беш-Кол командасынын ардагерлери 3000 сом, 3-орун мекеме жетекчилери 2000 сом менен сыйланышты.


Эң мыкты оюнчу Беш-Көл командасынын ардагери Тентимишов  жана Социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Үсөнбек, Токтокуев, 45 кесипчилик лицейинин директору Гулжигит Сарыгулов, мыкты калыстыгын көрсөткөндүгү учун Чопиев атындагы балдар спорт мектебинин тренери Жоробек Токтогуловдор 500 акчалай сыйлыкка татышты.

Даярдаган: Назгүл Шадыбекова