«Тилектеш Эл» коомдук бирикмеси мугалимдерди куттуктады

105

«Тилектеш Эл» коомдук бирикмесинин демилгеси менен «Үйрөткөн адеп, нускасын, мугалим-улуу устатым» аттуу мугалимдер күнүнө карата Тогуз-Торо районунун эл шайырларынын коштоосундагы майрамдык концерти өткөрүлдү.

Бул тууралуу «Тилектеш» коомдук бирикменин орун басары Айпери Асылбекова билдирди: «Улуу кесипти аркалаган аты улук мугалимдерибизге бирикменинин атынан даярдалган белектер тапшырылды. Мугалимдерди куттуктап, Райондук администрация башчысы Айбек Кожошов, Райондук Билим берүү бөлүмүнүн төрөгасынын орун басары Семетей Садыков жана ошондой эле «Тилектеш» коомдук бирикмесинин төрөгасы Анарбек Санжыбаевдер сөз сүйлөп, иштерине ийгилик каалашты»-деди. 

Концерттин жүрүшүндө Алтын Чөйчөк-Тогуз-Торо өрөөнүнөн чыккан таланттуу төкмө-айтышкерлерибиз, ырчы, бийчилерибиз коштоду. Кечени  Адилет Чубаков алып барды.

Жыйынтыгында концертке келип берген жалпы мугалимдерге, күйөрмандарга, колдоочуларга, эл шайырларына, Тогуз-Торо таланттарына бирикменин атынан терең ыраазычылыктарын билдиришти.

 Даярдаган: Нуриза Рыскулова