Жамааттык маалымат каражаттарынын туруктуу өнүгүүсү тууралуу семинар өттү

“Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттарынын туруктуу өнүүгүүсүн бекемдөө” аттуу семинары Бишкек шаарындагы “Альпинист” мейманканасында өтүп жатат. Семинарды Жамааттык ЖМК лардын бирлигинин аткаруучу директору Назира Джусупова алып барды. Катышуучулар, айыл аймактарынын кызматкерлери жана медиаборборлордун координаторлору, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги. Семинарга Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басарынын ордуна министрликтин кызматкери Сарногоева Сагын келди. Ал Жамааттык ЖМК нын коммерциялык жана мамлекеттик ЖМК лардан айырмасын айтып, Жамааттык ЖМК лар дын келечеги бар экенин айтты. Жана бул ЖМК лар толук мыйзамдуу болгондугун дагы бир ирет билдирип, эч нерседен тартынбай, закондорго таянып, иштей берүү керектигин айтты. Бул семинардын негизги суроосу – өлкөбүздөгү ЖЖМКнын туруктуу өнүгүүсү үчүн Айыл өкмөттөрү менен ЖЖМК дын ортосунда кандай кызматташтык боло алат. Мына ушул маселени кантип чечүү керектиги тууралуу Айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери менен координаторлорунун ортосунда талкуулар жүрүп, “Айыл аймактарынан каржылоо алуу үчүн тематикалык программаларды түзүү” боюнча чакан топтордо иштер жүргүзүлүп, презентациялар жакталды. Жана ошондой эле лицензия берүү процедурасы, санариптик берүүгө өтүү ыкмалары кандай жүргүзүлө тургандыгы тууралуу Мамлекеттик Байланыш агенттигинин кызматкерлери Адырбекова Жылдыз жана Кудайбергенов Ислам түшүндүрүштү, суроолорго жооп беришти. Ошону менен семинардын биринчи күнү аяктады.
Даярдаган: Чакчагаев Султаналы