Сүлүктүдө жугуштуу ооруулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

65

Сүлүктү шаарындагы №4-, №7- орто мектептеринин жана №9-гимназиясынын жогорку класстарынын окуучулары, мугалимдери жана ата-энелери үчүн «Жугуштуу ооруулардын алдын алуу» темасында, Сүлүктү шаардык ооруканасынын дарыгерлери лекция окуду.  Алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш чара Жолбаев атындагы №4-орто мектебинин жыйындар залында 28- октябрда өтүлдү.

«Мындай түшүндүрүү иштерин дайыма жүргүзүп келебиз. Эртең Сүлүктүнүн башка мектептерине да барабыз. Оорулардын алдын алуу элибизге да мамлекетибизге да пайда»- деп билдирди Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген врачы- Гайбеков Эрежеп Халбекович.

Кабарчы: Канайым Абдигапарова