Баланы туура тарбиялоо ата-эне үчүн милдет

113

Жылдар бою бала тарбиялоого карата болгон көз караштар өзгөрүп келет. Адистер муну коомдогу өзгөрүүнүн таасиринен дешет.


Тарбия ар бир баланы келечекте туура чечимдерди чыгарууга жана жашоодо өз ордун табууда чон таасирин тийгизет. «Бала тарбиялоо чон искусство»- деп бекеринен айтылбаса керек. Кыргыздар байыртан эле балдарына мисалдары, накыл-сɵздɵрʏ, кеп-кенештери менен туура  багыт берип  келишкен. Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын 67 жаштагы тургуну, баатыр эне Сатина Карыпбаева учурда бул тажырыйбаны колдонуп жаткан ата-энелер азайып бара жатканын айтат.

Бала  тарбиялоонун туура жолу барбы?

-Албетте бар. Мисалы  менин апам балдарды такыр урушчу эмес, ачуусу келген кезде бизди каргап-шилегендин ордуна «ɵркɵнʏн ɵссʏн, тукумун ɵскʏр, эч нерседен кем болбо»-деген сɵздɵрдʏн укчум. Бир жумушту туура эмес аткарып алган кезде деле бирɵɵлɵрдʏн мисалында айтып тʏшʏндʏрɵɵр эле. Ушул тарбияны мен балдарыма колдондум. Азыр кудайга шʏгʏр, ар бири турмуштан ɵз ордун тапты. Бул тарбиядан улам деп ойлойм. Тилекке  каршы учурда ата-энелер бул нерседен алыс калгандай. Балдарын тилдеген кээ бир ата-энелердин сɵзʏн угуп, тɵбɵ чачын тик турат. Аларды каргап –шилегени аз келгенсип оозго алгыс сɵздɵрдʏ айтышат экен. Мындай тарбия алган бала ɵзʏнʏн ою жок, эрки чектелген, басынган бала болуп чоңоет. Бул жол аркылуу биз ɵзʏбʏз баланын психологиясын кичинекей кезинен талкалап жатабыз. Ошондуктан, берээр кенешим баланы башынан жакшы сɵз менен тарбияласак.  Жылуу сɵз жыланды ийнинен чыгарат.

Даярдаган: Айсулуу Нурматова