Айыл башчыларынын иши тууралуу маалымат берилди

243

Суусамыр FM радиосундагы «Демократия сааты» программасынын алкагында Тунук жана 1-Май айылдарынын башчылары түз эфирде маек курду. Программанын жүрүшүндө айыл башчыларынын эл менен кантип тыгыз байланышта иштеши, ар бир айылда кандай көйгөйлөр бар жана айыл башчы болуп иштегенден бери кандай маанилүү маселелер чечилгендиги тууралуу сөз болду. Тунук айылынын башчысы Жениш Артышов келечекке болгон пландары менен бөлүшүп, 1-Май айылынын башчысы Сапарбек Кулболдиев айыл башчы болуп иштегенден бери 13 жыл ичинде кандай кыйынчылыктар болгондугун бөлүштү.

Эскерте кетсек, бул уктуруу Кыргызстандагы Фридриx Эберт атындагы Фонд тарабынан каржыланууда.