Сүлүктүдө 150 жылдыкка даярдык жүрүүдө

229

22-сентябрь күнү өтүлүүчү Сүлүктүнүн 150 жылдык мааракесине карата даярдык кызуу жүрүүдө.

«Кыргызстан боюнча 150 жылдык тарыхы бар Сүлүктүнүн юбилейине чоң даярдык көрүлүүдө. Сүлүктү шаарынын Абдыназаровдун демилгесин калкыбыз түп көтөрө колдоп жапа тырмак аракеттенип жатат»- деп маалымат берди уюштуруу тобунун мүчөсү, шаардык кенештин депутаты Айтемиров Камал Мурзакулович.   «22-сентябрь күнү Маданият сарайында илимий-практикалык конференция болот. Саат 16-00 баштап борбордук стадиондо сахналаштырган көрүнүш, концерттик номерлер болот. Белгилей кетсек, театрлаштырган көрүнүш жана конференциянын негизги доклады, жаңыдан басмадан чыгып жаткан, Гапыр Мадаминовдун «Сүлүктү тарыхы» китебинин негизинде түзүлгөндүктөн архивдик материалдарга негизделген»- дейт Сүлүктү шаарынын вице-мэри  Сапаркулова Марзия Эркиновна. Кабарчы:  Айзада Эркинова