Айылда жаңы электр кабелдери орнотулууда

Жайыл районунун Кара-Суу айылында быйыл керектүү иштер аткарыла баштады. ФАПтын имараты курулуп жатат жана 1960-жылдары курулган электр зымдары которулуп, жаңы цемент устундар жана кабелдер тартылып жатат.

Бул ишти Жайыл районунун электр тармактарынын кызматкерлери аткарып жатышат, иш кызуу жүрүп жаткан учур. Азыркы убакта цемент устундар тургузулуп, коргоочу катмары жок алюминий зымдар алынып, кабелдер тартыла баштады.  Бул зымдар аба-ырайынын кээ бир шарттарына карабай электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылат, анткени кичине эле шамал болсо зымдар бир-бирине тийип, электр жарыгы өчүп калчу.

Даярдаган: Бейшенбекова Гулзада