Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары

78

 Кыргызстанда 2018-жылдын 2-сентябрында Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары башталып, 8-сентябрда аяктады. Ачылыш аземи Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда болуп, мелдеш улуттук спорттун 37 түрү боюнча өттү. Ага дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсүнөн 3000дин тегерегинде спортчулар катышып, иш-чараны чагылдырууга көптөгөн мамлекеттен ЖМК өкүлдөрү  чакырылды.

     Кырчын жайлоосунда боз үйлөр тигилип, салт-санаа көрсөтүлүп, муну менен катар Этно базар иштеп турду. Анда өзүбүздүн аймактардан жана коңшу мамлекеттерден келген уз-чеберлердин  колунан жаралган буюм-тайымдар сатыкка коюлду. Төмөндө  дал ушул этно базарды чагылдырган сүрөттөрдү сунуштайбыз.

1.Кырчын этно шаарчасында  ар бир облус тарабынан дал ушундай ордолор дайындалды.

2.Ош облусунан келген сүрөтчүлөрдүн эмгектери

3. Этно базар, жалпы көрүнүш.

4. Көздүн майын жеп, көп эмгекти талап кылган кыргыздын көчмөндүк доорунан бери   күнүмдүк турмушта колдонгон кийиз буюмдары.

5.Өнөрпоздордун тартуулаган таланттарына эл күбө болушууда

6. Кароол -Дөбө ар-бир облустун этно шаарчасында курулган.

7. Көчмөндөрдүн эски базарын эске салган этно базардын кире бериши

8. Аймактардан келген  уз-чеберлер жана алардын колунан жаралган кооз буюмдар.9. Жаратылыш койнундагы кооз көрүнүш, Кырчын жайлоосу, этно шаарчалар.

Даярдаган: Айсулуу Нурматова