Элечек кыргыз аялдарынын улуттук баш кийими

120

  Кыргыз кийиминин, анын улуттук озгочолукторунун калыптанышы элдин этникалык тарыхы менен ажырагыс байланышкан. Чарбачылыктын шарты жашоо ыңгайы, табигый жагдайлар, кыргыздын урук-уруу топторунун кочуп- конуусу, соода байланыштары, ошондой эле ботон элдер менен узак убакытка чейин коңшулаш жашоо кийимдин онугушуно  да таасирлерин тийгизбей койгон эмес. Башкача айтканда кыргыздардын элдик кийимдеринин узун тарыхы бар. Алар элдин турмуш шартына, эстетикалык ыкка, керектоолорго ылайыкташтырылган. Кыргыз аялдарынын улуттук баш кийими болгон элечектин дагы оз тарыхы жана даярдоо ыкмалары бар. Бул туурасында кененирээк маалыматты уз-чебер, «Коонорбос мурас» коомдук уюмунун жетекчиси Мурзалиева Бегайымдан алдык.

 Элечектин тарыхына кыскача токтоло кетсениз.

Элечек. Аялдардын баш кийимдеринин бир туру. Ак кездемеден тегерете кат-кат болуп оролгон бул баш кийиминин баш кеп,сала коймо,ээк алмай, астынкы жана устунку тартма, тумарча,бадал сыяктуу негизги турлору бар.Элечекти орогондо жети кабаттын кырын чыгарып оросо жети атага ызат корсотуп,алардын колдоосун алат дешет.  Элдик салтта аялдар муну жаш озгочолукторуно ылайык кийишкен. Мисалы,  улгайгандардын элечеги жонокой оролуп, коломдуу корунсо, аза куткон аял кара буркогон элечек кийген.  Ушундан улам, эл арасында элечектин  формасына жана  кооздолушна жараша кыргыз аялзатынын коомдогу ордун же болбосо статусун аныктоого мумкунчулук болгон.

«Элечек оролушу боюнча коп муноздуу»- деп айтышат?

Элечек– негизинен баш кийимдин татаал түрү. Элечек озунун оролушу боюнча коп муноздуу. Түштүк тараптагы элечектин копчулугу түндүк тарапка жана Памир аймагында жашаган найман уруусуна муноздуу ээк алгычы болгон эмес. Бай, оокаттуу айымдар элечекке 30-50 метрдей ото жука ак кездеме же тайпы орогон, натыйжада ал коломдуу чыккан. Тундукто аялдардын жашына карай элечек оронуунун үч ыкмасы жолугат. 20 жашка чейинки жаш келиндер элечекти маңдай жагы уч-торт буктолгон  жыгымдуу, ээк алгычы бар, каптал же арка жагына турнанын же укунун  улпунчоктуу канатын тагынышкан. Элечекке айланта күмүш кыргак шуру же сайма тасма тагышкан. Отуздардан отуп калган аялдардын элечегинин жыгымы артында болуп маңдайы түз тартылып, кооздолгон куйрукчасы чыгарылат. Ал эми элүү жана андан аркы курактагы аялдар ээк алгачы, куйрукчасы бар элечек кийишип, устунон буктомосу артына түшүп тургандай жоолук жабынышкан. Азыркы убакта деле тундук менен туштуктун элечектеринде дал ушул сыяктуу  айырмачылыктар бар. Элечектин астына, негизинен туштук тарапта туулга сымал кеп такыя же чач кеп кийишкен. Алар да коп турдуу болгон. Кеп такыя башты толугу менен жаап, чачты да калкалап турган. Аны колго токулган ак кездемеден, боздон мандайын туз, жаакчаларын тушуруп тигишкен. Анын ар бир жаакчасына шуру тизилген узун сагак тагынышкан. Такыянын желкесинен болсо чачты жаап тургандай куйрукча тушурулгон. Жаактарына терскайык же илме менен сайылган озгочо оюулар бастырылган. Куйругунун саймалары, оюулары башкача болгон. Такыянын бет маңдайына бермет, шуру, седеп жана тоголок күмүш жылаажындар бастырылган.

Мурзалиева Бегайым озу орогон элечек; Кырчын жайлоосу.

Ошол убактагы элечектер менен бугунку кундогу заманга шайкеш келген элечектердин айырмачылыгы эмнеде?

Ал убакта азыркыдай метр, сантиметр деген жок болгондугуна байланыштуу материалды кулач  же карыш менен эсептешип ороп алышчуу. Мындан улам, бир  элечекти ороодо  канча  материал коротулганы жонундо бизге так маалымат жеткен эмес. Айрым булактарда 50 метрге чейин болгону айтылып келет.   Азыр болсо бир элечекке орто эсеп менен жыйырма метр кездеме керектелет.  Айырмачылыгы азыркы убакта оз каалооно жараша женил-желпи кылып каалаган кездемеден  ороп алсан болот.

Даярдаган: Айсулуу Нурматова