Сүлүктүтө 150 жылдыкка кызуу даярдык жүрүүдө

177

 Быйыл Сентябрь айынын 22 күнү Сүлүктү шаарынын негизделгенинин 150 жылдыгы белгиленет. Мындай тарыхый мааракени белгилөө үчүн Сүлүктүдөгү Р. Жолбаев атындагы №4-орто мектебиндеги даярдыкка күбө болдук.  «Шаарыбыздын торколуу тоюн белгилөөгө биз да эмгек жамаатыбыз менен даярданып жатабыз. Сүлүктү шаарынын тарыхында эң көп катышуучу бир мезгилде бийлеген «Кыргыз бийин» даярдап жатабыз. Ар күнү сабактар бүткөндөн кийин, мектептин аянтында машыгып жатабыз. Буюрса элибизге жакшы көрүнүш тартуулайбыз»- деп маалымат берди аталган мектептин директору Ырысова Нүргүл Анарбаевна. Жаш болсо да эң мыкты композицияны тандап, өзү башында туруп кызуу даярдык көрүп жаткан директордун ишине ыраазы болдук.

Кабарчы:         Айзада ЭРКИНОВА