Далбаев атындагы мектеп гимназиясына видеобайкоо орнотулду

Ооган- Талаа айылынын Далбаев атындагы мектеп гимназиясынын айланасына жана ичине видеобайкоо орнотулду. 

Мектепте эки корпуска, спорт залга, мектептин айланасына бардыгы болуп 30 видеобайкоо орнотулду. Мектептин мугалими Марат Токтобаевдин айтымында,

 

«Негизинен демөөрчүлөр ата- энелер болду. Ата- энелердин колдоосу менен бул иш ишке ашты. Ата энелерге ыраазычылык билдиребиз».

Видеобайкоонун максаты болуп, окуучулардын тартибин көзөмөлдөө, рекетчилик, зордук- зомбулуктун алдын- алуу, сабакта окуучунун билимин тереңдетүү.

Даярдаган: Тимурлан Мелисбеков