Базар-Коргон районунда август кеңешмеси өттү

Базар-Коргон районунда август кенешмеси болуп өттү. Август кенешмесинде райондогу мектептердин жетишкендиктери, салынып жаткан жаны бала бакча, мектептер жөнүндө райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Усенов билдирди.

Мугалимдерди райондун акими Бегимкулов куттуктады. Андан кийин жетишкендиктерге жеткен мугалимдерди сыйлоо болуп өттү. Талдуу- Булак айыл аймагындагы мектептер тарабынан даярдалган концерттик программа болду. «Август кенешмеси кызыктуу жана таасирдүү болду»- деп билдирди жаш адис Садыков Шахрух.

Даярдаган: Тимурлан Мелисбеков