Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарындагы Тогуз-Торолуктардын ийгиликтери

534

Жалал-Абад областына караштуу Тогуз-Торо районундагы уз чеберлер жана «Тогуз-Торо жаштар биримдиги»  Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында ийгиликтерге жетишишти.

Бул тууралуу Тогуз-Торо жаштар биримдигинин мүчөсү Элвира Жаныкеева Көчмөндөр оюндарына барып, Кырчын жайлоосундагы өткөрүлгөн сынактардагы Тогуз-Торолуктардын ийгилиги туурасында буларды билдирди:

«Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунан барган колунан көөрү төгүлгөн усталар, уз айымдар, күлазык даярдаган апалар, агалар, жаштар, Тогуз-Торо жаштар биримдигинин атынан катышкан  сынактарда байгелүү орундарга ээ болдук. Анда, Күлазык даярдоо боюнча «Баш байге», боз үйдүн жасалгасы боюнча 2-орун, андан сырткары камчы өрүү, өрмөк өрүү, чий согуу, ала кийиз жасоо, этно-саркеч заманбап кийимдер жана башка таймаштарда ийгиликтүү жыйынтыктарды көрсөтүп, жалпы 150 000(жүз элүү миң) сомдук акчалай байгенин ээси болууга жетиштик.»

Тогуз-Торо району боюнча катышкан өнөрпоздор жыйынтыгында:» Күлазык даярдоо» 1-орун,»Ала кийиз жасоо» 1-орун,»Чий согуу» 2-орун,»Кыл аркан эшуу»2-орун,»Ийик ийрүү» боюнча 3-орунга ээ болушту.

Даярдаган: Азем Маратова