Беде урук жыйноо башталды

Кара-Суу айыл аймагында 2 жумадан бери беде урук чабылып жатат. Бедени урукка калтырган дыйкандар, түшүм жыйнай башташты. Айыл тургундары Медербек Жекшеналиев жана Төрөбек Алиев айтуулары боюнча: “Быйыл беде урук жакшы, былтыркыга караганда түшүм жакшы болуп жатат, тургундар урукту комбайнга чаптырышып, кырманга, Ставрополовкага алып барышып тазалап, кээ бирлери айылдагы кырмандан эле тазалап алып жатышат. Биздин айылдын беде уругу республика боюнча эң бир сапаттуу уруктардан болот, ошондуктан Кара-Суу айыл аймагында өндүрүлгөн беденин уругу базарда суроо-талаптарды туудурат”.

Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагында өндүрүлгөн беденин уругу мекенибиздин ар кайсы региондоруна сатылат, жыл сайын айылдын дыйкандары бедени урукка калтырышып, беде урук алышат. Жыл өткөн сайын айылыбыздын фермерлери беде уруктун сапаттуу, түшүмдүү болушунун үстүндө эмгектенип келе жатышат. Ар кандай курт-кумурскалардан, отоо чөптөрдөн жана башка оорулардан дарылашып, түшүмдү жогорулата башташты.
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзада