Базар- Коргондо Эгемендүүлүк күнү белгиленди

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү Базар-Коргон районунда өттү. Бул туурасында райондун акимчилигинен билдиришти.  

Базар- Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов салтанатты ачып, райондун тургундарын Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгы менен куттуктады жана райондун билим берүү бөлүмү тарабынан даярдалган 150 комузчу 250 манасчы, 350 бийчи окуучулар аянтта өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Мындан тышкары, Каныкей Эралиева, Алтынай Нарбаева, Мурадил Данияров баш болгон белгилүү эстрада жылдыздарынын тартуулаган концерти элдин майрамдык маанайын көтөрдү. Андан соң, борбордук аянтка 15 метр келген Кыргызстандын Мамлекеттик туусу көтөрүлгөн.  

Автору: Тимурлан Мелисбеков