Сүлүктүдө кенчилердин майрамы кызуу белгиленип жатат

163

Август айынын акыркы жекшемби күнү белгиленүүчү кенчилердин кесиптик майрамы Сүлүктү шаарында кызуу белгиленип башталды.

(Сүрөттө Кызыл-Булак шахтасынын эмгек жамааты)

Бүгүнкү күндө Сүлүктү боюнча 30 дан ашуун көмүр өндүрүүчү ишкана иштеп жатат. Анын ичинен бардык көрсөткүчү жакшы болгон ишканаларды шаардын мэри Абдыназаров баш болуп барып куттуктап, шаардык мэриянын Ардак Грамоталарын тапшырууда. Учурда шаардагы эң алдыңкы көмүр казуучу компаниялардын бири болгон «Кызыл-Булак» жоопкерчилиги чектелген коому белгилеп жатат. Кенчилерди шаардын мэри Абдыназаров, шаардык кеңештин төрагасы Азизбековдор баш болуп куттукташты.

 Ардагер кенчилерден, Почетный Шахтер, Түркбаев Хасанбай Ажы жана Кыргыз Республикасынын «Ардактуу Аксалы» Ражапов Саитислам аксакалдар сөз сүйлөп, шахтанын жетекчиси Исманали Джумабаевич Карабаевдин эл үчүн жасап жаткан алгылыктуу иштери үчүн ыраазычылык билдирип, ак батасын берди.    Сүрөттө, солдон оңго: Карабаев Лепес Ажы, Карабаев Исманали Джумабаевич жана ардактуу шахтер- Түркбаев Хасанбай Ажы.

Кабарчы:    Бакытбек Сапаркулов