Аксакалдар соту өз ишмердүүлүгү тууралуу маек курду

173

«Суусамыр FM» радиосунун түз эфиринде маек Суусамыр айылдык аксакалдар сотунун ишмердүүлүгү тууралуу болду. Эфирдин коноктору Суусамыр айылдык аксакалдар сотунун төрагасы Үсөн Бурканбаев жана катчысы Асылбек Сапарбеков болушту.

Маектин жүрүшүндө аксакалдар сотунун кандай иштеп жаткандыгы тууралуу, айыл эли аксакалдар сотун канчалык деңгээлде билгендиги жана кандай көйгөйлөрү бар экендиги тууралуу кеңири айтылды.

Бул уктуруу Кыргызстандагы Фридриx Эберт атындагы Фонд тарабынан каржыланып жатат.

Даярдаган: Анарбек Калдыков