Куу-Майданда «Курман айт» намазы окулуп, «курмандык» үчүн мал жандыктар союлуп жатат

Кечээ 21-август күнү Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында айт намазы окулуп, курмандык үчүн мал-жандыктар союлуп баштады. Айт намазы жаңы салынган «Атаке» орто мечитинде окулду.

Айт намазын окуу «важып» болуп саналат. «Важып» бул парздан төмөн, сүнөттөн улук эсептелет. Айт намазга 1000 ге жакын адамдар келди. Айт намазына кичинекей балдардан тартып, улгайып калган кишилерге чейин чейин барышты. Муфтияттын буйругуна ылайык быйыл айт намазы 7:40 да окулду. Намаз башталганга чейин каарылар хадистерден айтып беришти.

Айт намазы окулуп бүткөндөн кийин мал-жандыктар курмандыка чалына баштады. Куу-Майдан жашоочуларынын курмандык чалуудагы максаты Аллах Таалага жакын болуу. Курмандыктын мааниси «жакын болуу» дегенди түшүндүрөт. Аллахтын жолунда курмандык чалуу кой, эчки, уй жана төө сыяктуу жандыктарды муздоо  менен ишке ашырылат.

Эрежеге ылайык курмандыкты Айт намазы окулуп бүткөндөн тартып 3 күндүн ичинде муздоого уруксат, андан кийинки,  же намазга чейинки муздалган мал курмандыка кирбей калат. Курмандыка чалына турган жандык сопсоо жана денелик айыптардан таза болушу керек.

Ханафий масхабынын уламаларынын пикири боюнча, курмандык чалуу, зекет берүүгө кудурети жеткен ар бир мусулмандын милдети. Эгерде кимдин үйүнөн жана саап жаткан уйунан сырткары 19900 сом акчасы болсо ал кишиге курмандык чалуу важып болот.

Айыл аксакалы Аваз Мамыразаковдун айтымында «Эт үч бөлүккө бөлүнүп, бир бөлүгүн өзү үй-бүлөсү менен, бир бөлүгүн кошуна, дос, туүгандарга, үчүнчү бөлүгүн муктаж адамдарга садака кылып таратып берүү керек»- деп билдирди.

Даярдаган: Курсантбек уулу Хусейн

Мыкты макала сынагы үчүн