Аз убакытка карабастан көптөгөн ийгиликтерге жетишкен машыгуучу зал “Жыргалбек”

137

Талас шаарындагы машыктыруучу зал “Жыргалбек” көптөгөн ийгиликтерди багындырууда.

Талас шаарындагы “Жыргалбек” залына Бишкек шаарынан бери келген, машыктыруучу болуп эмгектенген Жандил Болотбек уулу төмөнкүлөрдү айтты:

“Зал 2017-жылдын март айында ачылган. Кикбоксинг залы 6 облуста бар. Ал эми Талас облусунда кикбоксинг жок болчу. Ушудан улам  Талас шаарына кикбоксинг залын ачканга туура келди. Бул жерге 6 жаштан баштап балдар келишет. Бул убакытка чейин балдар эле келишчи, азыр кыздар дагы келе башташты. Бизде спорттун 2 түрү бар. Биринчиси күрөш, ал эми экинчиси болсо кикбоксинг”,-деп билдирди Жандил Болотбек уулу.

Кыргызстандын үч жолку чемпиону Саламат Бактыбек уулунун айтымында:

“Мен бул жерге катышканыма 2 жарым жыл болду. Өз каалом менен катышкам. Кыргызстандын 3 жолку чемпиону болдум. Жаш өспүрүмдөргө келгиле, машыккыла жана ден-соолугуңарды чыңдагыла деп айтмакчымын”,- деп айтты Саламат Бактыбек уулу.

Ал эми кыз болгонуна карабай, кикбоксингге дагы кызыгып катышып жаткан Алтынай Орозбекова дагы өз оюн билдирди:

“ Кикбоксингге катышканыма 2 ай болду. Бул жерге мен өз каалом менен келгем. Азырынча ийгиликтерге жетише элекмин, бирок буйруса жетишем деген ойдомун. ”,- деп өз оюн айта кетти Алтынай Орозбекова.

Даярдаган: Гулназ Мамырбекова

Радиомост, Талас

Сынак үчүн