Айыл таштандыдан арылбай жатат

Нарын районунун Учкун айылында таштандыларды жок кылуу жана айылды таза кармоо максатында 3 айдан бери ишембилик өткөрүлүп келет. Бирок, бул иш-чарага карабастан, айылдагы таштандылар көбөйүүдө.

Айылыбызда таштанды таштоочу жайлар жетишсизденби, айтор, айылдын көп бөлүктөрү таштандыга толуп кеткен. Буга эмне себеп болууда?

Exif_JPEG_420

Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Касымакун Мамырбаев биздин берген суроолорубузга мындайча жооп берди: «Куланак айылы боюнча бир таштанды таштоочу полигон бар. Ал полигон Бак-Терек участкасында жайгашкан. Негизинен элдин баары ошол жакка таштандыларын төгүшү керек. Бирок кээ бир адамдар короосуна, көчөгө, айыл четине төгүп жатышат.

Бул нерсе боюнча биз азыркы учурда кыдыруу иштерин жүргүзүүдөбүз. Жаздан бери мектеп окуучулары менен бирдикте ишембиликтерди өткөзүп жатабыз.

Таштанды чогултууга сарпталган төлөм боюнча айтсам, ар бир үй-бүлө жылына 50 сом төлөшөт. Эгерде бир үй-бүлө бир жылдык таштандысын чогултса, 3-4 машина болот. Ал эми машина таштандыны 50 сомго чыгара албайт.

2 жылдан бери таштанды чогултуу үчүн бюджеттен акча бөлүнө элек болчу. Жакында эле болуп өткөн сессияда Учкун-Куланак айылдары үчүн таштанды чыгарууга 30 миң сом бөлүндү. Ал акчанын 15 миң сому Куланак айылына, 15 миң сом Учкун айылына каралган.

Куланак айылынын таштанды таштоочу полигону зым менен тосулуп турат. Бирок мыйзам түрүндө темир менен тосулушу керек. Тосуу үчүн негизинен 200-150 миң сом керектелет. Биздин айыл өкмөттө көп суммадагы каражат жок болгондуктан, тосо албай жатабыз.

Ал эми айыл тургундарынын бири Эльмира Болотова: «Биз үй-бүлөбүз менен таштандыларды жерге ыргытпоого аракет кылабыз жана ар ишемби сайын корообузду тазалайбыз. Жана ошондой эле таштанды үчүн чогултулган акчаны өз убагы менен берип турабыз»- дейт каарманыбыз өз сөзүндө.(каарманыбыз сүрөткө түшүүдөн баш тартты).

Куланак айылында таштанды таштоочу полигон бирөө гана болгондуктан ал айыл тургундарына жетишсиз.

Кээ бир айыл тургундары таштандыларын өрттөп же короосуна төгүп коюшат. Алардан айырмаланып Азатбек Казаков төмөндөгүчө оюн билдирди:» Биз негизинен таштандыларды алгач корообуздагы атайын таштанды үчүн жасалган жерге чогултабыз. Андан соң Бак-Терек участкасындагы таштанды таштоочу полигонго төгөбүз»-дейт Азат. (каарманыбыз сүрөткө түшүүдөн баш тартты.)

Даярдаган: Гүлшат Бейшекова, Жамал Уланбек кызы

«Мыкты макала»сынагы үчүн