Куу-Майдан айылынын жолдору оңдолуп жатат

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын жолдору Байкул Бий, Маткасым ата, Мамат ата көчөлөрүнө шагыл төгүлүп жолдор оңдоодон өтүп жатат. Себеби, жолдордон оор жүк ташуучу унаалар көп өткөндүктөн жол начар абалга келип калган эле.

Жолду оор жүк ташыган унаалар бузуп салганына айыл жашоочулары нааразы болуп айыл өкмөткө кайрылышкан. Айыл өкмөтү жолду оңдоп берерин айткан. Азыркы учурда жолдорго шагыл төгүлүп, тегиздөө иштери жүрүп жатат. Жолду тегиздөөгө кеткен каражатты айдоочулар мойнуна алган, айыл жашоочулары шагыл төгүлгөндөн кийинки тегиздөөсүн өздөрү камсыз кылат, айрымдары техниканын жардамында тегиздетсе, айрымдары кол менен эле тегиздеп жатат.

Байкул Бий, Маткасым Ата, Мамат Ата көчөлөрүнө болжол менен 3-3,5 чакырым жерге 40 унаанын тегерегинде шагыл төгүлдү. Машина жүргөнгө болбой калган жол кайра оңдолуп, мурунку абалына келип, тегиз жол болуп калды.

Айыл жашоочуларынын айтымында: «Оор жүк ташыган унаалар биздин көчөлөрдөн шагыл, кумдарды көп алып өткөнүнө байланыштуу жол начар абалга келип калган. Биздин жолубуз бузулуп жатат деп айттык эле оңдоп беребиз деген болчу. Сөздөрүнө туруп оңдоп беришти»-деп билдирди айыл жашоочулары.

Айдоочулардын бирин кепке тартканда ал мындай жооп берди: «Бизге чоң жол менен жүргөнгө уруксат берген жок эле. Биз ушул жолдор менен жүрүшүбүзгө туура келди»-деп билдирди айдоочу.

Даярдаган: Курсантбек уулу Хусейн

Мыкты макала сынагы үчүн