Ысык-Көлдөгү «Жайкы лагерь»

“Ак кептер” жамаатык мультимедиа борборунун ыктыярчы-журналисттери: Данияр кызы Назик жана Бексултанова Айгерим, Ысык-Көлдө, Дойче Велле Академиясынын колдоосу менен уюштурулган “Мультимедиалык журналистика” аттуу “Жайкы лагерге” барып, мультимедиалык контенттерди түзүү үчүн онлайн куралдарды колдонууну үйрөнүп кайтышты. 

Окуу 23-июлдан 27-июль күндөрү “Меридиан” пансионатында өттү. Жамааттык журналисттердин тренерлери: Акылбек Орозматов-ТРК «Ынтымак»,

Айзада Калканбекова-“Суусамыр FM” радиосунун директору.
Данияр кызы Назик жана Бексултанова Айгерим бул окууга катышууга өткөрүлгөн конкурска катышып, тандалып алынышты. Назик менен Айгерим 5-класстан бери “Ак кептердин” иштерине катышып келе жатышат.

6- класстан баштап, волонтер болушкан, Дойче Веленин тренерлери өткөргөн далай окууларга катышып, аудио-фото жана башка репортаждарды чыгарышкан “Ак кептердин” алдыңкы ыктыярчылары.
Даярдаган: Кенжебек Курманалиев