Айылдын аксакалы малинанын өзгөчө түрүн багат

Айылдын ардактуу аксакалы Асанакун Дюшебаев жашы улгайганына карабастан, бакчасында түркүн мөмө-жемиштерди багат. Ошондой эле 40 жылдан бери көп байлаган малинанын түрүн багат.


Асанакун ата бакчасынын 3 сотых жерине малина эккен. Малина жай мезгилинен тарта кеч күзгө чейин түшүм берет. Малинаны балдарына кыям кылып жана тургундарга жылына 100 сомдон кемибеген баада соода кылат.
— Малина тууралуу жалпы маалымат бере кетсеңиз.
— Бул малинанын түшүм берүү жагы жакшы. Жыл сайын малинадан кыям жана суусундуктарды жасап коебуз. Кышкысын дары катары да пайдаланылат.
— Өстүрүүдө кандай кемчиликтер бар?
— Көп жылдан бери өстүрүп байкасам бир кемчилиги түштүк аймактарына караганда бизде жылуулук жетпейт экен. Эгерде жылуулук жеткенде жылыга жакшы мөмө бермек.

— Быйылкы түшүм кандай болууда?
-Азыр болсо былтыркы жылы аз мөмө берсе быйыл жакшы.
Малинанын кочөтүн кимден алып, өстүрүп калгансыз?
-Мен бул сортту айылда өстүргөн кишиден алгам. Ошондон көбөйтүп алдым. Айылдагы элдердин бардыгына көчөт бердим. Элдердин дагы огороддорунда жакшы мөмө берген, дарылык касиетке ээ малинаны өстүрүүлөрүн каалайт элем.
— Малинаны канчанчы жылдан бери өстүрүп келесиз?
-Бул малинаны 1978-жылдан бери өстүрүп келем.

— Канча сомго сатып жатасыз?
— Жылыга орточо баасы 100дөн кемибейт. Быйыл 150-250гө чейин чыгып жатат. Бир жылы арзан баада болсо, бир жылы кымбат. Түшүмүнө жараша болот. Малинаны балдарымдан артканын элге соода да кылам жөн да берем жана келген меймандарга малинадан берип ыраазы кылам.
Маегиңизге рахмат!
Маектешкен: Нуржанат Советбек кызы

Мыкты макала сынагына