Түз эфирде “Тилектеш коомдук бирикмеси” тууралуу талкууланды

86

Сары-Булуң мультимедиалык борбордо “Тилектеш коомдук бирикмеси” тууралуу түз эфирде талкуу өткөрүлдү. Талкууга Тилектеш коомдук бирикмесинин төрагасы Анарбек Санжыбаев жана социалдык маселелер комитетинин төрайымы Касиет Абдумалик кызы катышты.

Түз эфирдин жүрүшүндө Тилектеш коомдук бирикмесинин максаттары, иш пландары тууралуу кеңири маалымат беришти. Мындан сырткары, айыл жаштарын кантип өнүктүрсө болот, айылдарды, районду кантип өнүктүрсөк болот деген ой идеяларын айтып өтүштү.

Бул талкуу  Фридрих Эберт фондусунун көмөгү менен уюштурулду.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова