Бак отургузулган аянтча тосмо менен курчалууда

107

 Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнѳлүк Азык-Түлүк программасы менен 2018-жылдын апрель айында “Жашыл долбоор” аркылуу 1500 түп бак отургузулган. Бүгүнкү күндѳ Сары-Булун айыл караштуу Табылгыты жана Кара-Суу  айылдарында 4 гектар жерди ӨКМ тарабынан айланасына тосмо материалдары келип кармоо жумуштары жүрүп жатат.

 

“Бүгүнкү күндө  аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 21 адам  иштеп жатышат. Эмгек акысы  азык- түлүк түрүндө таркатылат. 25-июль 2018-жылга толугу менен бүткѳрүлѳт”-бул туурасында  айыл өкмөттүн социалдык кызматкери Бурулсун Эрмекова  айтып өттү.

Даярдаган:  Нуриза Рыскулова