Турсүнбү апа чөптөн пайдалуу дары-дармектерди жасайт

144

Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылынын 60 жаштагы тургуну Турсүнбү Койулчиева чөптөн ар түрдүү дары-дармектерди жасап үй-бүлөөсүн оорулардан айыктырып келет.

Биз Турсүнбү апага кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү билдирди: “Менин чөп дарыларды жасап баштаганыма 20 жылдын жүзү болду. Чөптөрдү өз убагында терип, кургатып даярдап алам. Бул чөп дарыларды ички аппараттагы ооруларга дарыланам. Үй-бүлөмдү дарылайм. Дарыларды өзүмдүн үй-бүлөм үчүн гана жасайм. Сатып деле акча кылбайм. Чөптөр өзүбүздүн айланада эле өсөт.

Булар көптөгөн ооруларды айыктырды. Мисал үчүн дайыма өзүм айыгам, балдарымды айыктырам.Кыштата эле ошол жасап алган чөптөрдү ичип чыгабыз. Көп деле дарыканага барып дары-дармек деле сатып албайбыз”-дейт Турсүнбү Койулчиева.

Кыргыз эли илгертеден эле медициналык дары жок учурда, ар кандай чөптөрдөн дарыларды жасап, оорулардан айыгып келишкен.

Андыктан сиз да, кайсы чөптүн, эмнеге пайдасы бар экенин, жана аларды колдонууга боло тургандыгын билип алып,  ар дайым эле дарыкананын дары-дармектерин колдоно бербестен, чөп дарылардан колдонуп көрүңүз.

Даярдаган: Нуриза Рыскулова

Мыкты аудио сынагы  үчүн

Маданий ар түрдүүлүк, салттуу билимдер сынагына