Кыз ала качууга жол жок!

197

Кыргызстан боюнча 60% жаштар ала-качуу жолу менен үй-бүлө курушат. Алардын кээ бири бактылуу жашап кетсе, кээ бир учурларда ала качуунун жыйынтыгы өлүм менен бүтөт.

Өлкөбүздүн акыркы жаңылыктарына ылайык, Бурулайдын окуясынан соң, Бакай-Ата радиосунун толкунунда  “Кыз ала качуунун артында эмнелер күтүп турат?” аттуу темада түз эфирде маек курдук.

Программа алкагында Ислам дини боюнча ала-качуу маселеси кандай каралат, Бакай-Ата району боюнча 2017-2018 жылдары канча факты катталган, ошол суроолорго атайын интервью даярдалган. Эфирдин коногу болуп Бакай-Ата райондук китепкананын жетекчиси жана айымдардын укугун көп жылдан бери коргоп келген Тоту Макулбековна болду.

Кыргызстанда ала-качууга бөгөт койгон бир катар эл аралык документтерди ратификациялаган. Адам укуктарын жалпы декларациясынын 16 беренесинде. Ички мыйзамдар – Конституциянын 16 беренесинде, Кылмыш жаза кодексинин 155 беренесинде.

Эскерте кетсек, бул долбоор Кыргызстандагы Фридрих Эберт Фондусу тарабынан каржыланып, ишке ашырылууда.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова