Суусамырлык ишкерлер тез арада даяр болуучу үйлөрдү курууда

429

Суусамырлык ишкерлер тез арада, ылайсыз курулуучу үйлөрдү Кыргызcтанда экинчи жылы куруп келе жатышат. Бул үйлөр экологиялык жактан таза, өрткө туруктуу жана жогору эмес баада дешет куруучулар.

«Суусамыр FM» радиосундатүз «Тез Там» курулуш компаниясынын жетекчиси Алмаз Тураров конокто болуп, компания тууралуу ар кандай суроолорго жооп берди:

— Эмне үчүн «Тез Там» деп аталган?

— Биз бул суроонун үстүндө көпкө ойлонгонбуз. Бул үйлөр тез арада жана сапаттуу курулганына байланыштуу атам менен биргеликте «Тез Там» деп атоону туура көргөнбүз.

— Канча убакыттан бери кызматыныздарды сунуштап келесиздер?

— Былтыркы жылдан апрель-май айларында Ысык-Көл облусунда алгачкы проектилерибизди куруп баштаганбыз. 240 чарчы метрди 20 күндүн ичинде куруп бүтүргөнбүз. Ошондон бери биздин курулушка кызыккан адамдардын саны көбөйүп, иштеп келе жатабыз.

Сиздердин компания курган үйлөр кандай түзүлүштө, кандай материалдардан куралат?

— Биз курган үйлөр пенополистерол  жана башка материалдардан куралган панель менен салынат. Бул панелдин бийиктиги 2,5 ал эми туурасы 1,25 м болот. Ал эми баасы ошол үйдүн аянтына жараша болот. Канча көп панел кетсе акчасы да ошончо көп болот. Ал эми сейсмологиялык туруктуулугу боюнча айта турган болсок бул үйлөр 9 баллдагы жер титирөөгө чейин туруштук берет. Себеби, бул үйлөр бири- бирин кубалап курулуучу технологиядан курулат. Бул үйлөрдүн жылуулугундай болуш үчүн кадимки кирпичтен курулган үйдүн калыңдыгы 2 метр болуусу шарт экен. Биз мунун бардыгын изилдеп көргөнбүз.  Башкача айтканда биз үй куруп жаткан панелдин жылуулугу жөнөкөй кирпичтин жылуулугунан 10 эсе чоң. Ал эми өрткө туруктуулугу туурасында айтсам, жана айтып жаткан панелдердин ортосунда гипсокартондор болот. Өзүңүздөр билгендей гипсокартондор күйбөйт. Эгер үйдүн бир жеринен өрт чыкса ал 50-60 минутага чейин кармап тура алат. Курулуш материлдар Россиядан келет. Андан тышкары биз былтыр атайын станок алдыртканбыз, мына ошол станок менен азыркы учурда панелдерди Бишкекте  чыгарабыз. Экологиялык тазалыгы боюнча экотех инспекциядан атайын сертификаттарыбыз бар. Бул үйлөрдүн дубалдары дем албайт. Ошондуктан, биз атайын жылчыкчаларды орнотобуз. Бул үйдүн ичиндеги абаны алмаштырып турат. Эң алыскы аймактарга да курган үйлөрүбүз, ФАПтар бар. Биз бул үйлөрдү кадимкидей заманбап түрдө, электр энергиясы жана башка шарттары менен тургузуп беребиз.

“Биз алыскы жайлоодогу малчылар үчүн да үйлөрдү ойлоп тапканбыз. Азыркы учурда 30миңден сатып жатабыз. Бул үйлөр жеңил болгондуктан, малчылар өздөрү келип алып кетишет да каалаган жерине өзүнүн китепчесинде көрсөтүлгөн жолдор аркылуу курап алышат. Бирок баасы материалдын курамына да жараша болот. Биздин көпчүлүк кардарларыбыздын көйгөйлөрү акчага келип такалат. Ошондуктан, биз кардарга да, бизге да пайдалуу болуш үчүн жеңилдетилген түрүн ойлонуп жатабыз.  Мисалы, 5 адамдан турган топ бизге келип буюртма берет. Биз аларын ар бирине үй куруп берип жарым акчасын алабыз, ал эми жарымын 10 айга бөлүп төлөөсүнө шарт түзөбүз. Биз көп жылдык компания болууну максат кылып жаткандыктан, кардарларыбызга мыкты сапаттагы үйлөдү куруп берүүнү көздөп, электр энергияларынын кымбатынан, мыктысынан тандап өзүбүз кепилдик алып орнотуп беребиз.  Бул идея негизинен менин атам Азиз Төрөкуловичке тиешелүү. Ал  Россияда мигрант болуп жүрүп ошол жактан көрүп, жактырып анан эмне үчүн Кыргыстанда жок деген ой менен бул жака келип ошол оюн ишке ашырган. Биринчи биз бул үйлөрдү куруп  жатканда эч кандай конкурент жок болчу. Азыркы учурда дал ушундай үйлөрдү курган 3-4 компания бар деп угам. Бирок өзүм барып көргөн эмесмин. Бирок азыркы күндө Суусамыр айылына бир да үй куруп көрө элекбиз.Биз өзүбүз Суусамырдын кулуну болгондуктан жердештерибиз эгерде үй курууга буюртма берсе аларга баасын арзандатуу менен куруп берели деген оюбуз бар. Андан тышкары, акция катарында биринчи буюртма берген адамга да эң жакшы арзандатуулар болмокчу».

Даярдагандар: Зыйнат Самарбек кызы, Назима Акишбекова