Таластагы тез тамактануучу жай

200

Азыркы убакта көп эле тез тамактануучу жайлар бар. Бирок көпчүлүк учурда шаар тургундары кайсыл тез тамактануучу жай канаттандырарлык деп көпкө ойлонушат. Тез тамактануучу жайлардын бири “Бунчик”.

“Бунчик” Таласта 4 жылдан бери иштеп келет. Тез тамактанууга ыңгайлуу экендигин шаар тургундары белгилешет. Бул жайдын кожойкеси Чолпон Русланованын айтымында:

“Биз 4 жылдан бери иштеп келе жатабыз. Азыркы учурда 6 кызматкер иштейт.  Кардарларга машина токтотуучу жай, фастфудтун түрлөрү жана кичи балдарга арналган атайын меню бар. Үй-бүлөдөн башка, демөөрчүлөр жок. Кыйынчылыктарга көп эле туш болобуз”,- деп билдирди Чолпон Русланова.

Ал эми “Бунчик” тин кызматкери Жанара Кемелованын айтымында:

“Негизи жумуштун оңою жок, баары эле кыйын, бирок өзүңдүн аткарган жумушуңду билгенден кийин бир топ кыйла жеңилирээк. Натыйжада жумушум  жеңил эле, кассада турам.  Келген кардарларды тейлеп, буйрутмаларын алып, ашканадагы ашпозчуларга берип жана кайрадан залда отурган кардарларга берем. Жетишпеген дагы күндөрүм болгон, көбүнчө майрам күндөрү”,-деп айта кетти Жанара Кемелова.

Кардарлар дагы  “Бунчик” тин тейлөөсу эн сонун, канаттандыраарлык деп билдиришти. Шаар тургуну Бермет Кененбаеванын айтымында:

“Бунчикке биринчи жолу келишим. Мага Бунчик жакты. Бул жер таза, тейлөөсү жакшы. Мен 5 деген бааны коёт элем”,-деп билдирди Бермет Кененбаева.

Даярдаган: Саадат Нуржан кызы